"Шок болдум". Шоумен Санжар Мыкыев Гүлзат Мамытбектин нааразычылыгына жооп берди
RU

"Шок болдум". Шоумен Санжар Мыкыев Гүлзат Мамытбектин нааразычылыгына жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Гүлзат Мамытбек атайын чакырылган иш-чарада сүйлөйүн десе микрофонун өчүрүп салышканын айтып, видео жарыялады. Ал уюштуруучулардын, белгилүү алып баруучулар - Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаровдун атын атап, нааразычылыгын билдирди.

Kaktus.kg редакциясы экинчи тараптын оюн угуу үчүн шоумен Санжар Мыкыев менен байланыштык. Ал Гүлзат Мамытбектин видеосун көрүп алып шок болгонун айтып, буларга токтолду.

"Бир күн бою шок болдум. Мындай хейтке көнбөгөндөн уламбы кандай реакция кылууну билбей калат экенсиң. Гүлзат Мамытбек менен мамилебиз жакшы, иш-чараларда жолугуп жүрөбүз, саламыбыз түз. Менде суроо: Гүлзат эжекеге эмне кылдым?", - деп таң калуусун билдирди.

Шоумен белгилегендей, конференцияга 2000 миңдей адам катышкан. Арман Юсупов сахнада сүйлөп жатканда ал арт жакта турган.

"Коноктор үчүн микрофон залдын ортосунда турган. Арман Юсупов сүйлөп жаткан, анан Гүлзат эжеке ортодогу микрофонду алып өзүнүн стилинде, мотивация берип, англис тили боюнча курсун жарнамалап сүйлөп баштады. Конференцияда убакыт аябай чектелүү, спикердин суроолоруна жооп бербей башка эле нерселерди айтып баштады. Ошол убакта арт жакта турган техниктер микрофонду өчүрдү. Бул нормалдуу эле нерсе. Биринчи микрофон өчтү, ага карабай Гүлзат эжеке Арман Юсуповдун колундагы микрофонду алып сүйлөй баштады. Аны да өчүрүштү.

Мен сахнанын артынан "Эжеке, азаматсыз!" дейин десем менин да микрофонум өчүк экен.

Бардык микрофон өчүк экен көрсө. Мен андан кийин чыгып Гүлзат Мамытбектин жанына барып кулагына регламент деп шыбырадым, микрофонду берди, кеттим. Залдагылардын баары эле көрдү. Эртеси күнү ыйлап видео чыгарыптыр, мен деле түшүнбөй калдым", - деди алып баруучу.

Гүлзат Мамытбектин видеосунан кийин алып баруучуга, анын үй-бүлөсүнө карата жагымсыз сөздөр айтылып баштады. "Эл сөгүп, каргап-шилеп жатып калышты. Мейли, буга деле чыдап коёюн. Гүлзат эжекеге ушунун эмне кереги бар эле?", - деп жыйынтыктады.

Ал эми Нурсултан Майназаров бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"Мен иш-чарага башынан катышкан эмесмин. Гүлзат Мамытбек сүйлөгөндөн 2 сааттан кийин баргам. Себеби алып баруучунун ишин улантышым керек болчу. Конференцияда Гүлзат айым экөөбүз кезиккен эмеспиз", - деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14479