Бүгүн троллейбустардын каттамы убактылуу токтотулат
RU

Бүгүн троллейбустардын каттамы убактылуу токтотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте троллейбустардын каттамы саат 16:00дөн баштап убактылуу токтойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаа башкармалыгынын маалыматы боюнча, мындай чектөө КМШ, ШКУнун ЕАӨБ алкагында өтө турган расмий иш-чараларга байланыштуу киргизилип жатат.

Мекемеден троллейбустар саат 17:30дан баштап каттамга чыгарын айтышты.

Белгилей кетсек, 25-27-октябрда Бишкекте ШКУнун, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болот. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет.

Андан тышкары Бишкектеги жана Сокулуктагы мектептер, бала бакчалар 25-26-октябрда онлайн режимде иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14794