Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин коопсуздук чараларын күчөттү
RU

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин коопсуздук чараларын күчөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин коопсуздук чараларын күчөттү. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармак аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул УКМКнын башчысы тарабынан коррупция, кылмыштуулук жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү менен байланыштуу. Алдын ала маалыматтарга караганда, кеп Камчыбек Ташиевдин жеке коопсуздугун күчөтүү жөнүндө болуп жатат.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев 17-ноябрда Чүй облусунун Панфилов районундагы административдик имараттын ачылышында коррупция, кылмыштуулук жана экстремизм менен күрөшүү темасы тууралуу кеп кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14975