Эртай Искаков "бейбаштык" беренеси боюнча акталды
RU

Эртай Искаков "бейбаштык" беренеси боюнча акталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Эртай Искаков июль айында кармалып, ага эки берене боюнча айып тагылган. Бүгүн, 20-ноябрда Сокулук райондук соту өкүм чыгарганын блогердин жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Соттун чечими менен Эртай Искаков 280-берене ("Бейбаштык") боюнча акталып, ал эми 279-берене ("Жолдорду мыйзамсыз тосуу") боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынды.

"Бирок биз "Жолдорду мыйзамсыз тосуу" беренеси боюнча соттун чыгарган чечимине макул эмеспиз, апелляциялык даттануу менен жогорку инстанцияга кайрылабыз. Эртай Искаковдон тышкары Орок айыл өкмөтүнүн башчысына, Сокулук районунун акимине жана тергөөчүгө да сот тарабынан чара көрүлсүн деген жеке аныктама чыкты", - деди жактоочу.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында Селекция айылынын 100дөн ашык тургундары таза суу маселесин чечүүнү талап кылып, жолду тосуп салышкан. Айылдын жашоочуларына Чүй ОИИББдин, Сокулук РИИБдин жетекчилиги өздүк курам менен, Сокулук районунун акими жана Бишкек шаарынын суу чарбасынын башчысы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок топтолгон тургундар милиция кызматкерлерине таш ыргытып, баш ийбей жолду тосууну улантышкан.

Миилциянын версиясы боюнча, текшерүүнүн жүрүшүндө Селекция айылынын Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундарынын WhatsApp группасына блогер Э.И. кошулуп, суу маселеси боюнча болуп жаткан талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин баса белгилеп "жолду жабуу" керектигин айткан жана ал өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөрүн билдирип, жолду жабууга үгүттөгөн.

Муну менен Селекция айылындагы жолду жабуу - атайын уюштурулган жана ишке ашырылган иш-чара экендиги такталып, Эртай Искаков жана эки жергиликтүү тургун кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14981