Жогорку Кеңештин комитети желекти өзгөртүү боюнча сунушту колдоду
RU

Жогорку Кеңештин комитети желекти өзгөртүү боюнча сунушту колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Нурланбек Шакиев, Улан Примов. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын желегин жакшыртууга багытталганын белгиледи Улан Примов.

Мамлекеттик туудагы күндүн толкун сымал формаларын күндүн нурларына так окшош формага өзгөртүү сунушталат.

Желектеги күн нурларынын жаңы эскизин даярдоодо бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгуучу авторлор тартылган, алар менен математикалык эсептөөлөр, чиймелер жана коштоочу иштер жүргүзүлгөн.

Талкуу учурунда депутат Дастанбек Жумабеков желектин айрым элементтерин өзгөртүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Депутат Нурланбек Азыгалиев мамлекеттик символдор өзгөртүлбөшү керек деп айтуу туура эмес экенин белгиледи. Депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстандын жарандарынын пикирин эске алуу керектигин айтса, депутат Улан Примов 32 жыл мурун желекти референдум эмес, парламент бекиткенин белгиледи.

Эске салсак, сентябрь айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик символикаларынын бири болгон мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Бул ача пикирди жаратып, кызуу талкуу жүрүп жатканда президент Садыр Жапаров желекти өзгөртүү идеясын колдой турганын айтты. Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да желекти өзгөртүү пикирин колдоорун билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15036