Ача пикир жараткан желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору. Президент буга эмне дейт?
RU

Ача пикир жараткан желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору. Президент буга эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик символикаларынын бири болгон мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртууга багытталып жатат. Ал ортодо коомчулукта бул тема кызуу талкууга алынды.

Ача пикир жараткан мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине пикирин билдирди.

"Негизи мен бул идеяны колдойм. Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келетат деген пикирлер арбын айтылып келген.

Ал тургай, өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон.

Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген.

Депутаттардын демилгесине келсек. Жакшылап, маани бере турган болсок, алар туунун концепциясын алмаштырууну демилгелеген жок. Болгону эл сөз кылып келген күн карамадай болуп калган күн нурларын оңдоп коёлу деген ой менен чыгып жатышат.

Ачык эле айтып коёюн, алардын алгачкы сунуштаган варианты мага да жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн.

Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги күн нурлары эми чындап окшошуптур.

Эми ушул вариант, Кудай буюруп кабыл алынып калса күн карама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот (күлүп). Кандайдыр бир ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн күн бизге шооласын чачып турган сымал, эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз деп жакшы ниет кылалы", - деген колдоо сөзүн айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14808