Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара жазга чейин такталып каларын айтты
RU

Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара жазга чейин такталып каларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров чек ара чырынан жабыркаган Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарындагы жарактан чыккан үйлөрдүн ордуна жаңылары салынып толук пайдаланууга берилгенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 11-декабрда Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында айтты.

Маалым болгондой, Баткенде сегиз мектеп, төрт бала бакча, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМКнын башкармалыгынын имараты, спорт зал, музей, андан тышкары дагы башка ишкана мекемелер жаңы салынып пайдаланууга берилди.

Президент анда Тажикстан менен чек араны тактоо кийинки жылдын жазында бүтө турганын айтты.

"Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып келебиз. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия да тынымсыз иштеп жатат. Буюрса чек арабыз чечилип Орто Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүк орногон күн да келет. Мен жазга чейин барып бүтөбүз го деп ойлоп жатам", - деди Садыр Жапаров.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун 5-декабрга чейин чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 км түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экени айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15117