Бүгүн Баткенде Ташиев менен Ятимов жолугуп чек араны талкуулашты
RU

Бүгүн Баткенде Ташиев менен Ятимов жолугуп чек араны талкуулашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-декабрда, Баткенде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолукту. Бул тууралуу минисрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер 2023-жылга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыгын талкуулашты. Калган аймактарда кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун 5-декабрга чейин чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 км түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экени айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15122