Кыргызстанда TikTok тиркемеси азырынча жабылбайт
RU

Кыргызстанда TikTok тиркемеси азырынча жабылбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда TikTok тиркемеси бөгөттөлбөйт. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы Алтынбек Токторбаев маалымат жыйында айтты.

TikTok`ту жабуу боюнча Маданият министрлигинин тиешелүү каты Санариптик өнүктүрүү министрлигине ушул жылдын август айында түшкөн.

"TikTok мыйзамдагы эки берененин негизинде жабылат. Ал үчүн соттун чечими керек. Азырынча сот органынын тиешелүү чечими жок. Учурда TikTok`тун өкүлдөрү менен Маданият министрлиги кандайдыр бир келишимге келишкен, ошондуктан тиркеме штаттык режимде эле иштеп жатат", - деди ал.

Токторбаев кошумчалагандай, TikTok`ту жабууга техникалык каражаттар жетиштүү.

Белгилесек, Маданият министрлигинин Кыргызстанда TikTok`ту жабуу чечими коомчулуктун басымдуу бөлүгүн нааразы кылып, таң калтырган. Министрлик мындай чечимди 18 уюмдун кайрылуусу менен жана балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталган деп түшүндүргөн.

Сентябрь айында TikTok компаниясынын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы өкмөттүк байланыштар жана корпоративдик иштер боюнча директору Сергей Соколов Бишкекке келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15164