Президент Кыргызстанга инвесторлор жайнап келип жатканын айтты
RU

Президент Кыргызстанга инвесторлор жайнап келип жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу инвесторлорду алдап кеткен фактылар болуп жатканын айтып кайрылуу жасаган. Президенттин инвестициялык климатка жолтоо болуп жатат деген билдирүүсү талкууга жем таштап, Садыр Жапаровдун дарегине сын айтылган.

Манас Саматов аттуу ишкер: "Уша да президенттин ишиби, аны мен же Иванов, же башка деле жазып коё берет. Президент, парламент, өкмөт, аким жана башкалар системаны түзүшү керек" деген.

Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кыска маек берип, жогоруда айтылган сынга жооп берди.

"Ал жигит маалыматы жок болгондон кийин сын-пикир айтпай эле койсо болмок. Система эң сонун түзүлгөн. Ошол үчүн, Кудайга шүгүр, инвесторлор жайнап келип жатышат. Инвестиция боюнча атайы өзүнчө агенттик түзүлгөн. Алар тыгыз иштешүүдө. Андан сырткары Экономика жана коммерция министрлиги дагы инвесторлор менен иштеп жатат. Аймактарда дагы иш жүрүүдө. Негизи жаман эмес, жакшы эле.

Болгону анча-мынча алдамчылар сырттан келген инвесторлорду алдап койгон фактылар болуп жатат. Мисалы, кечээ жакында эле 20 млн доллардан ашык сумманы инвестордун өзүнө чыпчыргасын коротпой кайтартып бердик.

Эми дагы бир ишкер россиялык инвестордун 14 млн долларын алдап алыптыр. Аны кайтартуу процесси жүрүп жатат. Дагы майда-чүйдө мындай фактылар көп.

Мага түшкөн арыздардын көптүгүнөн улам соцтармактагы баракчамдан инвесторлорго кайрылуу иретинде билдирүү жазып койдум. Анан эмне кылайын?

Тиги жигиттин ою боюнча, былтыйып олтура берейинби?", - деген.

Садыр Жапаровдун айтымында, мурдагы президенттерди дагы ушундайлар бузган.

"Сиздин деңгээлиңиз эмес, сиз бийиксиз, майда-чүйдөлөргө көңүл бурбашыңыз керек" деген сыяктуу сөздөрдү кулагына куя беришип, тигилер "ии, чын эле мен кийлигишсем, уят экен, менин ишим эмес турбайбы" деп көптөгөн адилетсиз иштер болуп, адашкан.

Мен алардын катасын кайталабашым керек. "Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" дейт. Майда-чүйдө болсо да иштерди көзөмөлдөп, туура, адилеттүү чечип берип, инвесторлорду коргоп турушум керек", - деп билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15235