Жаңы желек боюнча кызуу талкуудан кийин Улуттук гвардия туудагы нурларды санады. Видео
RU

Жаңы желек боюнча кызуу талкуудан кийин Улуттук гвардия туудагы нурларды санады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына 1-январда өзгөртүлгөн желек илинип, андан бери туунун айланасындагы талкуулар кызыды. Интернет колдонуучулар жаңы желектин нурлары 40 эмес, 39 экенин, ошондой эле жаңы туу парламент кабыл алган варианттан айырмаланарын белгилешкен. Бул талкуулардан кийин Бишкек мэриясы да түшүндүрмө берди.

Борбор калаа башкармалыгынан белгилешкендей, Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын инструкциясына ылайык, желекти көтөрүүдөн мурда анын бекитилген техникалык шарттарга шайкештиги текшерилген.

"2024-жылдын 1-январында саат 07:45те Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын офицерлери жана жоокерлери тарабынан жаңы мамлекеттик туу көтөрүлдү. Тууну көтөргөндөн кийин Ардактуу кароол кызмат өтөп жаткан жерге кирди", - дешет мэриядан.

Туудагы күндүн нурларынын саны боюнча сын-пикирлерден кийин Улуттук гвардия желекти мамынын жарымына чейин түшүрүп, атайын фото жана видео тартып, нурларды санаган.

"Ала-Тоо" аянтындагы желек өзгөрбөгөнүн белгилейбиз" , - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Колдонула баштаган жаңы желек Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган варианттан эмнеге айырмаланганы боюнча президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15251