Сейсмолог алдыда катуу жер титирөөлөр болобу деген суроого жооп берди
RU

Сейсмолог алдыда катуу жер титирөөлөр болобу деген суроого жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-январга караган түнү катталган жер титирөө кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө салды. Бишкекте май куюучу жайларда узун кезектер пайда болуп, ири маркеттерден азык-түлүк алып жаткан видеолор тарады.

Ошондой эле жер титирөө дагы кайталанышы мүмкүн деген болжолоор да айтылды. Kaktus.media редакциясы катуу жер титирөөлөр күтүлөбү, жокпу деген суроо менен КР Улуттук илимдер академиясынын президенти жана Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматовго кайрылды.

"Кыргызстандын аймагында жер титирөөлөр болгон жана боло берет. Бирок бүгүн түнкү саат 00:09да болгон жер титирөөнүн очогу Кытайда болгонуна көңүлүңүздөрдү бурам. Сейсмикалык толкундарды бишкектиктер да, башка конуштардын тургундары да сезишти. Бул биздин аймак үчүн нормалдуу эле көрүнүш. Бирок жеке мага анормалдуу көрүнгөн нерсе - айрым бишкектиктердин реакциясы болду. Тагыраагы фейк маалымат тарата башташты. Жер титирөө кайталанып, катуу силкинүү күтүлөт деген билдирүүлөр тарады. Ал тургай убактысы да айтылды. Элди сактанууга чакырып жатышты", - деди башкы сейсмолог.

Адис белгилегендей, жер титирөөдөн сактануу керек.

"Бардык облустун жашоочулары жер титирөө учурунда өзүн алып жүрүү эрежелерин билиши керек. Бирок шек жараткан булактардан маалымат тарап жатса адистерди гана угуш керек. Жер титирөөдөн кийин кайталанган толкундар дайыма басаң болот", - дейт Абдрахматов.

Алдыда катуу жер титирөөлөрдөн сактануу керекпи деген суроого Абдрахматов төмөнкүдөй жооп берди.

"Жер титирөөнүн ыктымалдыгы дайыма болот. Бирок биздин учурда бул өтө аз. Катуу жер титирөө үчүн тектоникалык чыңалуулар топтолушу керек жана бул көп убакытты талап кылат. Азыркы Бишкектин аймагында катуу жер титирөөлөр өтө эле сейрек болуп турат. Бишкектин жанында катуу жер титирөөлөр болжол менен 700 жыл мурун, 4500 жыл мурун жана 10 миң жыл мурун болгон", - деди башкы сейсмолог.

23-январь караган түнү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кыргызстандын жана Казакстандын аймактарында да сезилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15364