ӨКМ: Эл дүрбөлөңгө түшпөсүн деп жер титрөөдө сирена иштеткен жокпуз
RU

ӨКМ: Эл дүрбөлөңгө түшпөсүн деп жер титрөөдө сирена иштеткен жокпуз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эл дүрбөлөңгө түшпөсүн деп сиреналарды иштеткен жокпуз". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов депутат Алишер Козуевдин "жер титиреген учурда эмнеге сиреналар иштеген жок" деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Кечээки кырсыктын алдында ошол сирена иштедиби?

- Иштеген жок. Иштебегенинин себеби: бул жерден сиреналарды бергенде элибизде кандайдыр бир чоң абадагы коркунуч катары калыптанып калган да. Эгерде биз сиреналарды кошо турган болгондо эл ичинде чоңураак дүрбөлөң түшүп кетиши мүмкүн деген бүтүмгө келдик дагы, ошонун негизинде бүгүнкү күндө сиреналар иштеген жок.

- Өзү, негизи канча секунд же мүнөт алдын ала иштеши керек? Мисалы, биздин шаардагы сиреналар канча убакыт алды алдын ала сезе алат?

- Жок, бул датчиктер, Бишкек менен Оштун айланасына коюлган. Бул жер титирөө болгондо гана "болду" деген фактыны, маалыматты бере алат. Бүгүнкү күндө маалыматты алдын ала бере турган система жок", - деди ӨКМ өкүлү.

Эске салсак, 23-январга караган түнү Кыргызстандын бир катар аймактарында жана Кытай менен Казакстанда да жер титиреген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15378