Жалданма аскер деп айыпталган кыргызстандыкка пробация колдонулду
RU

Жалданма аскер деп айыпталган кыргызстандыкка пробация колдонулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кыргызстандык Аскар Кубанычбекти "Жалданмачылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, аны жети жылга соттоду.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин ("Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу") негизинде айыпталуучу 3 жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошотулду.

Камакка алуу түрүндөгү тандалган баш коргоо чарасы соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү.

*****

Белгилесек, 2023-жылы Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан деп айыпталган кыргызстандык жаранды Бишкектин Биринчи Май райондук соту май айында 10 жылга эркинен ажыраткан.

31 жаштагы кыргызстандык Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Жалданмачылык" беренесинде каралган "Материалдык сыйлык алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу кагылыштарына тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты жок катышуу" боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Ал эми июль айынын аягында Аскар Кубанычбек россиялык RT телеканалына маек куруп, орус жарандыгын алгысы келерин, аны бошотуусун каалап жатканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15381