УКМК издөөгө алган Балыкчы ШИИБдин башчысы кармалды
RU

УКМК издөөгө алган Балыкчы ШИИБдин башчысы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши УКМКга өткөрүлгөн.

Анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыялады. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Көп өтпөй эле ИИМден Б.Осмонбаев кармалганын кабарлашты. Министрликтен кошумчалашкандай, Осмонбаев тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлөт.

Белгилесек, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун унаа сүзүп, айдоочу жеринен качып кеткен. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Окуучунун атасы кырсыкка Балыкчы ШИИБдин башчысы күнөөлүү экенин, бирок ал жоопкерчиликтен качып жатат деп президентке, УКМКнын төрагасына кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15414