Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кыздын атасы милицияларга карата тосмо арыз жазды
RU

Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кыздын атасы милицияларга карата тосмо арыз жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуучу кызды сүзгөнгө шектелген мурдагы милиция кызматкерлерине жабырлануучу тарап доосу жок экенин билдирип, тосмо арыз жазды. Бул туурасында окуучунун атасы "Азаттыкка" билдирип, шектүүнүн карыган ата-энеси кечирим сураганын,кыз 18 жашка чыкканга чейин карашарын айтканын билдирген.

*****

Белгилесек, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун унаа сүзүп, айдоочу жеринен качып кеткен. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Окуучунун атасы кырсыкка Балыкчы ШИИБдин башчысы күнөөлүү экенин, бирок ал жоопкерчиликтен качып жатат деп президентке, УКМКнын төрагасына кайрылган.

Бул факты боюнча Балыкчы прокуратурасы 144-берене ("Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш ишин ачып, тергөөнү УКМКнын обулстук башкармалыгына өткөрүп берген.

Жол кырсыгы боюнча Балыкчы ШИИБдин башчысы менен анын бир тууган агасы Бекзат Казаков (Ысык-Көл ОИИБдин участкалык инспектору болуп иштеп келген) кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15431