Балыкчыда кызды сүзгөн деген шек менен кармалган ага-ини камалды
RU

Балыкчыда кызды сүзгөн деген шек менен кармалган ага-ини камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуучу кызды сүзгөнгө шектелип Балыкчы ШИИБ башчысынын бир тууганы да кармалды.

Балыкчы РИИБнин кызматтык унаасынын катышуусундагы резонанстуу жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери уланууда.

Анда айдоочу жашы жете элек кызды жөө адамдар өтүүчү жерден сүзүп кеткен.

Бул кылмыш иши боюнча Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Осмонбаев Бектур Казакович КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Кылмыш иши боюнча дагы бир шектүү, Балыкчы РИИБнин башчысы Б.Осмонбаевдин бир тууган агасы Казаков Бекзат Казакович Ысык-Көл облусунун ИИБнын участкалык инспектору болуп иштеп келген. Аталган жаран кылмышка шектүү катары КР УКМК тарабынан кармалып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, шектүүлөр кызматтан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15418