ЖЭБдеги авария. Жабыркагандардын экөө 80 пайыз күйүк алган
RU

ЖЭБдеги авария. Жабыркагандардын экөө 80 пайыз күйүк алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен жабыркагандардын абалы тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов маалымат берди. Ал белгилегендей, кырсыктан жалпы 5 адам ооруканага кайрылган.

"3 бейтап 1-2-3-даражадагы күйүк алышкан. Экөө бетинен, моюнунан, курсак жана бут бөлүктөрүнөн күйүк алып, денесенин 80% күйгөн. Алар оор абалда реанимацияда жатат.

Үчүнчү бейтап денесинин 10 пайызынан күйүк алган. Ал дагы ооруканага жаткырылды, абалы орто оор деп бааланууда.

Төртүнчү бейтап тизесин оорутуп алган, абалы канааттандырарлык, ооруканага жаткыруудан баш тарткан. Бешинчи жабырлануучуга иске ууланган деген диагноз коюлуп, амбулатордук дарыланууга чыгарылды", - деди ал.

*****

Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталганын расмий маалымдады. Кырсыктан улам чыккан өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлдү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15458