БШК Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
RU

БШК Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карады.

УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан Жамгырчиевдин БШКга арыз жазган. Борбордук шайлоо комиссиясы арызды карап чыгып, Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Белгилесек, бош калган мандат тизмедеги кийинки талапкерге өтөт.

Кошумчалай кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Токтобүбү Оргалчаны "Альянс" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу Оргалча өзү БШКга арыз калтырган.

Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу (5 статей)
"Дагы качайын деген". Эмил Жамгырчиевдин кармалышы боюнча УКМКнын маалыматы
25 Январь 2024, 09:52
Депутат Эмил Жамгырчиев 1 айга камакка алынды
25 Январь 2024, 00:13
"Сот башталганга чейин сындабагыла". Эмил Жамгырчиев өзүнүн кылмыш иши боюнча үн катты
16 Январь 2024, 18:01
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15461