"Дагы качайын деген". Эмил Жамгырчиевдин кармалышы боюнча УКМКнын маалыматы
RU

"Дагы качайын деген". Эмил Жамгырчиевдин кармалышы боюнча УКМКнын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Май райондук соту 24-январда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, 26-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат эмнеге кармалганы боюнча маалымат таратты.

Буга чейин 26-декабрда башкы прокурор тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголгон.

"Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында криминалдык авторитет - өзбек жараны Салимбай Абдувалиевдин колдоосуна ээ болуу максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. 2022-жылдын декабрь айында Ташкентке мыйзамсыз чыгып кеткен. Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, башкы прокурор аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча өлкөнүн парламентине сунуш киргизген.

9-январда Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин кароо боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшүндө тергөө амалдарына катышуудан качып, терезеден секирип кеткен. 10-январда өлкөнүн парламенти аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. УКМКнын төрагасы Ташиев депутаттын Ташкенттеги кримавторитет Абдувалиевге жазган каты менен таанышып, аны кармоонун зарылчылыгы жоктугун билдирген.

Бирок козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадияда болгондуктан, Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз барып, жашырынууну чечкен.

Тергөө иштери жүрүп, бул боюнча УКМКга тиешелүү ыкчам маалымат келип түшкөн. Жогорудагы жагдайлар, ошондой эле Жамгырчиевдин тергөөдөн жашырынып калуусу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн болушун эске алып, тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды", - деп айтылат маалыматта.

Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу (5 статей)
БШК Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2 Февраль 2024, 12:50
Депутат Эмил Жамгырчиев 1 айга камакка алынды
25 Январь 2024, 00:13
"Сот башталганга чейин сындабагыла". Эмил Жамгырчиев өзүнүн кылмыш иши боюнча үн катты
16 Январь 2024, 18:01
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15385