"Сот башталганга чейин сындабагыла". Эмил Жамгырчиев өзүнүн кылмыш иши боюнча үн катты
RU

"Сот башталганга чейин сындабагыла". Эмил Жамгырчиев өзүнүн кылмыш иши боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев кесиптештеринен өзүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүүгө чейин сын жана комментарийлерден алыс болууну өтүндү. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди.

"Кылмыш иши боюнча ачык айткым келет. Кесиптештеримден алдын ала сындан алыс болууну суранам. Менин ишим боюнча тергөө жүрүп жатат. Иш сотко өтөт, андан кийин сөзүмдү айтам. Ата-энем, балдарым бар. Мындай балээ ар кимдин башына келиши мүмкүн. Соттун чечиминен кийин анан сынга алгыла", - деди депутат.

Комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков жооп катары Жамгырчиевден мыйзам долбоорлору боюнча гана сөз сүйлөөнү суранды. "Сиз ошондо деле өз ишиңизди айтып, маалымат берсеңиз болмок. Бирок мындай кылган жоксуз. Менимче, пленардык жыйында сиздин бул сөзүңүз туура эмес", - деди Өмүрзаков.

Буга Жамгырчиев депутаттык комиссиянын ишине нааразычылыгын билдирди. "Маалымат берсең болмок деп туура айтасыз, мен бердим, тилекке каршы, комиссия бир тараптуу чечим чыгарды", - деди ал.

Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу (5 статей)
БШК Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2 Февраль 2024, 12:50
"Дагы качайын деген". Эмил Жамгырчиевдин кармалышы боюнча УКМКнын маалыматы
25 Январь 2024, 09:52
Депутат Эмил Жамгырчиев 1 айга камакка алынды
25 Январь 2024, 00:13
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15328