Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды
RU

Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаев) өлүмү боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бул тууралуу коомдук ишмердин жактоочусу Кайсын Абакиров Facebook баракчасына жазды.

Айтымында, ЖАКтын тергөө башкармалыгынын токтому 2-февралда кабыл алынган. Анда кылмыштын курамы жок болгондуктан иш козгоодон баш тартылган.

"Арстанбек Абдылдаевдин жакындары козголгон кылмыш ишин сотко өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, каза болгон адамды реабилитациялоо үчүн өндүрүштөгү иш сотто карылыш мүмкүн", - деп белгиледи жактоочу.

*****

Эске салсак, Арстан Алай 2023-жылы 15-декабрда УКМК тарабынан "социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган" деп кармалган. 16-декабрда сот аны бир айга камакка алган.

15-январда Арстан Алайдын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашканасында асынган абалда табылганы маалымдалган. Башкы прокуратура бул факты боюнча №31 колониянын кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15488