"Манты, балмуздак саткан, мечит курган". Арстан Алайды кызы эскерди
RU

"Манты, балмуздак саткан, мечит курган". Арстан Алайды кызы эскерди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тергөө абагында каза болгон Арстан Алайдын кызы Аксана Арстанбекова атасын эскерди. Айтымында, атасы кайтпас мүнөз, өжөр, эмгекчил, акылман, кыраакы, чынчыл, сөзгө чечен, баарына бирдей караган адам болгон.

"Тынбай, талыкпай күн-түн дебей эмгектенген, өз киндигин өзү кескен деп айтышат. Атамды 4 жашында таежеси багып алган, бирок атам кийин тууган жана баккан тарапты тең бирдей алып кетти. Өтө зээндүү болгон. Айылына 30 жаш курагында мечит салган, чоң атамды ажылыкка жөнөткөн. Чоң атама, таятама там куруп берген (азыр биз 30 жашта тооккана куралбай жүрөбүз)", - дейт.

Аксана Арстанбекова атасы армияда жакшы кызмат өтөгөнү үчүн 2 ай эрте келгенин, андан кийин кандай иштерди жасаганын айтып берди.

"Райподо автолавка айдаган, кийин кампада башчы болуп эмгектенген. Жаштайынан эч тартынбай маңдай тер менен манты түйүп сатып, балмуздак сатып, таксист болуп иштеген. Кыргыз-кытай чек арасында вагон коюшуп апам экөө ашкана иштетишчү. Тамак, жарма, дары-дармек сатып кийин тери, темир чогултуп иштеген. Ошентип өжөрлүгү менен ушул деңгээлге жеткен.

Атам өтө кичи пейил, адамгерчиликтүү, каалаган компаниянын көркүн ачып, шаңга бөлөп, меймандарды ырдатып, бийлетип, жакшы сөзүн аябай элди күлдүрүп, "от алдырып кетчү". Колунан келген жардамын аячу эмес. Үйдөн чыкканда жолдон жөө адам чыгып калса, сөзсүз түрдө аялдамага чейин сала кетчү", - деп эскерди.

Кызынын айтымында, Арстан Алай кайрымдуулук иштерин жасап, бирок аны жарыя кылчу эмес, карылар жана балдар үйүнө эч кимге айтпай барып турушчу.

"Бирок эскерүү болуп жаткандыктан элге айтууга туура келип жатат. Атам өзү туулуп-өскөн айылдагы бала бакчага жылуулук системасын орнотуп берген, мектептин ремонтун толук жасатты, терезе, эшик, пол толугу менен алмаштырылды, мал-жан аралабасын деп мүрзөнүн тегерегин темир тосмо менен тосуп берди, суу чыгарды, балдар аянтчасын куруп берди. Илгери салынган мечиттин ондоо-түзөө иштерин өткөрдү, коңшу айылга техника алганга жардам берди. Андан сырткары 2010-жылы кредит маселесин көтөрүп чыккан, үйүн алдырып жибербесин деп көп адамдын банктагы насыясын төгүп, жардам берген",- деп кылган иштерин тизмектеди Арстанбекова.

Эске салсак, Арстан Алай 5-январда каза болду. Жазаларды аткаруу кызматы анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашканасында асынып турган жеринен табылганын билдирди. Анын сөөгү 7-январда Орок айылында жерге берилген. Башкы прокуратура бул факты боюнча №31 колониянын кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15331