Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: Коомдо көйгөйлөр чечилбей жатканынан депутат болдум
RU

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: Коомдо көйгөйлөр чечилбей жатканынан депутат болдум

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмне үчүн Кыргызстанда саясий өнөктүккө катышып, мамлекеттик кызмат, министрлик жетектеген айымдардын саны аз? Саясаттагы айымдардын санын көбөйтүү үчүн эмне тоскоолдуктар бар? Стереотиптер канчалык коомго таасир берип жатат жана аны жоюу үчүн эмне кылуу керек?

Kaktus.kg редакциясы аймактардагы жергиликтүү депутат айымдардын мисалында көйгөй, менталитетке карабай саясатка аралашып жаткан айымдар жана алардын коомго болгон пайдасы жөнүндө баяндоону улантат.

Үй-бүлөнүн колдоосу маанилүү

Кезектеги каарманыбыз Гүлмира Худайбердиева. Ал Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты. Буга чейинки чакырылышта да депутат болгон.

Гүлмира айым бул ирет экинчи жолу шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эң биринчи үй-бүлө, жакындары жана жолдошунун колдоосунун аркасынан гана депутаттык ишимди улантып келе жатам деп билет. Себеби, үй-бүлөнүн колдоосу жок болсо аймактагы стереотиптерди жоюп, элдин оюн өзгөртүү кыйын болмок дейт ал.

Гүлмира Худайбердиеванын жолдошу да муну тастыктады.

"Депутаттардын көпчүлүгү эркектер. Биринчи чакырылышта жалгыз депутат айым болсо керек эле. Ал учурда аялдарга атайын квота бөлүнчү эмес окшойт же колдобойт болчу. Анда мыйзам да жок болчу. Эми эле колдоп, азыр аялдардын квотасы каралып, кечээки чакырылыштан баштап эле аялдар теңата болуп чыгып башташты", - дейт ал.

Депутат айымдын жолдошу Урбай Эргешов Гүлмира Худайбердиева көп кыйынчылыктарды басып өткөнүн, алгач депутат болгондо көптөгөн каршылыктар менен кездешкенине токтолду.

"Чындыгында аял кишиге кыйын экен. Ошол себептүү, аял кишини колдош керек. Ошону түшүнгөн адам болсо аялдардын саясатта болгону жакшы. Коом үчүн саясатка аял кишилерди, кыздарды аралаштырыш керек. Себеби, айымдардын мырзалар билбеген маселелери болот. Ошолорду айымдар жеткизип, чечкенге аракет кылыш керек. Ошол үчүн аял киши саясатта керек", - деди.

Аялдар коомдо зор күч

Гүлмира Худайбердиева депутат болгонго чейин Жалал-Абад шаардык мэриясында иштеп келген. Ал кызматта иштеп жүрүп көптөгөн маселелердин чечилбегенине көзү жетип, депутат болууну чечкенин айтып берди.

"Ошол жумушта коомчулук менен иштеп жүрүп, маселелер көбөйүп, ал чечилбей калганда депутат болуш керек турбайбы деген ой келди. Маселени чечиш үчүн ошол жакка (ред.: депутат болуш керек) барыш керек окшойт дедим. Депутат болгондон кийин маселени чечейин деген ой болду.

Кээ бирлери шайлоого катышпай эле койбойт беле деп айтып жатышты. Бирок катышпай коё албайт экенсиң. Аялдар коомдо зор күчпүз да. Мурда эле кылымдарды карытып келген Курманжан Датка энебиз бар, Сайкал эжебиз бар. Ошолордон сабак алсак болот", - дейт депутат.

"Биз менталитет менен күрөшүп жатабыз"

Гүлмира Худайбердиева менталитеттеги саясатчы айымдарга карата калыптанып калган терс ойлор менен күрөшүп жатканын айтты.

"Биз ошол менен күрөшүп жатабыз. Ошол нерсени жоёлу, алып чыгалы деп жатабыз.Тең укуктуулук, керек болсо Куранда да тең укуктуулук, аял затын сыйлоо, аял затынын акылдуулугуна баа берүү боюнча жазылган.

Биз, аялдар бир маселени көтөргөндө ойлорубуз менен бөлүшүп, кеңештерибизди айтып, ынтымактуу болуп калабыз. Азыр, байкасаңыздар, турмуштун оор жүгүн аялдар эле көтөрүп жатабыз", - деп оюн жыйынтыктады Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15502