Райымбек Матраимовдун миллиард сомдук мүлктөрү мамлекетке кайтарылды
RU

Райымбек Матраимовдун миллиард сомдук мүлктөрү мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 3 млрд 98 млн 134 миң сомду түзгөн (34 млн 810 миң 500 доллар) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн маалымдады.

Коопсуздук комитети тарабынан Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иш-чараларындын жүрүшүндө мыйзамсыз алынган кыймылсыз мүлктөрү аныкталган.

Р. Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 долларды түзгөн төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлдү:

  • Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу "Бай Таш мунарасы" турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң долларды түзөт;
  • Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан "Ихлас" курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 млн 627 миң доллар;
  • Ош облусунун Кара-Суу районундагы 3,87 гектар жер тилкеси менен "БИМИ Ош сервис" бажылык каттоо жери, алдын ала баасы 4 млн доллар;
  • Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан "Эрем" спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 млн доллар;
  • Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, иш кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң доллар;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 гектар жер тилкеси менен "Юни Лаб" бажылык каттоо жери, болжолдуу баасы 1 млн 286 миң доллар;
  • Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан "Имарат Стиль" ЖЧКсына тиешелүү "ИМПЕРИАЛ" турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 100 миң доллар түзөт.

Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Р.Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар улантылууда.

Райымбек Матраимовдун иши (9 статей)
Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды
22 Апрель 2024, 18:51
Райымбек Матраимов 1 айга СИЗОго киргизилди. Видео
27 Март 2024, 17:14
Исламбек, Тилек жана Руслан Матраимовдорду Ошко алып кетишти
27 Март 2024, 13:53
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15504