Прокуратура Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнө чыккан өкүмгө каршы даттанды
RU

Прокуратура Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнө чыккан өкүмгө каршы даттанды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнө чыккан өкүм боюнча Сокулук райондук прокуратурасы сотко аппеляциялык арызын сунуштады. Бул туурасында юрист Индира Саутова Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Айтымында, райондук прокуратуранын өкүлү Азамат Эстебесовго карата бир берене боюнча козголгон кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу соттун өкүмүнө макул болгон эмес.

"Арыз сотко сунушталды, эми иш апелляциялык тартипте каралат. Биз жабырлануучу тарап катары апелляциялык арыз менен кайрылган эмеспиз. Анткени апелляциялык арызды кароо мезгилинде айпыталуучунун камактагы бир күнү эки күн болуп эсептелбесин дегенбиз. Процессуалдык жана юридикалык жактан алар биздин пикирибизди сурабаганы көрүнүп турат. Бирок моралдык жактан алып караганда, прокурор жабырлануучу тараптын пикирин сурап койсо болмок", - деп белгиледи Саутова.

Эске салсак, Сокулук райондук сотунун 26-январындагы өкүмү менен айыпталуучу Э.А. 20 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөгө милдеттендирилген. Ошондой эле материалдык жана моралдык зыян келтиргени үчүн Асель Ногойбаевага 2 миллион сом кенемте төлөөгө милдеттендирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15633