Балыкчы ШИИБдин мурдагы жетекчиси эч жакка чыкпоо менен бошотулду
RU

Балыкчы ШИИБдин мурдагы жетекчиси эч жакка чыкпоо менен бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчыда 5-класстын окуучусун сүзгөнгө айыпталып жаткан шаардык ички иштер башкармалыктын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Балыкчы шаардык соту мындай чечимди кабыл алуунун себебин айыпталуучу О.Б.К.га карата кылмыш иши тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотулганы менен түшүндүрдү. Тагыраагы, "тараптардын жарашуу келишими жана жабырлануучу тараптын кылмыш ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч каты болгондугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотуу, жеке айыптоолордон баш тартуу" жөнүндө арызы бар. Ошондой эле тергөө Балыкчы ШИИБдин мурдагы башчысын "анча оор эмес кылмыштар категориясына кирген" кылмыштарды жасаган деп айыптап жатканына байланыштуу жогорудагыдай чечим кабыл алынган.

*****

Белгилесек, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун унаа сүзүп, айдоочу жеринен качып кеткен. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Окуучунун атасы кырсыкка Балыкчы ШИИБдин башчысы күнөөлүү экенин, бирок ал жоопкерчиликтен качып жатат деп президентке, УКМКнын төрагасына кайрылган.

Бул факты боюнча Балыкчы прокуратурасы 144-берене ("Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш ишин ачып, тергөөнү УКМКнын обулстук башкармалыгына өткөрүп берген.

Жол кырсыгы боюнча Балыкчы ШИИБдин башчысы менен анын бир тууганы Бекзат Казаков (Ысык-Көл ОИИБдин участкалык инспектору болуп иштеп келген) кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15819