Медиа Платформа СИЗОдогу журналисттерди үй камагына чыгарууга чакырат
RU

Медиа Платформа СИЗОдогу журналисттерди үй камагына чыгарууга чакырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдөгү иликтөөчү журналисттердин камалышы боюнча Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасынын мүчөлөрү абдан тынчсызданууда. Алар кармалган журналисттердин баары мыйзамды сыйлаган жарандар экенин эскертишет.

"Үч айдан бери сегиз иликтөөчү журналисттин СИЗО-1де камакта жатканына биз, Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасынын мүчөлөрү абдан тынчсызданып жатабыз.

Журналисттер массалык баш аламандыкка чакырган деп айыпталып жатышат, бирок буга эч кандай мыйзамдык негиз жок. Айыпталуучулардын өздөрүнүн айтымында, камакта отурган убакыт ичинде бир дагы тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Тергөөчүлөр КР ИИМ башчысы Улан Ниязбековго карата иликтөөлөр боюнча маалыматтарды кайсы булактар бергенин гана сурашкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Медиа платформа президент Садыр Жапаровдун камактагылардын көбүн бошотуу ниетине карабастан, 11 адамдын 8и дагы эле камакта экенин коңгуроо кагат.

"Кыргызстандын президентинин камактагылардын көбүн бошотуу ниетине карабастан, 11 адамдын 8и дагы эле темир тор артында калууда. Ошол эле учурда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп айыпталган көп адамдар, "келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен" үй камагына же сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми ушундай коррупция менен күрөшкөн, бирок коррупциялык каржылык ресурстары жок журналисттер темир тор артында калып жатышат.

Кармалган журналисттердин баары мыйзамды сыйлаган жарандар жана тергөөдөн жашырынып кетүү ниеттери жок. Алардын бардыгы өздөрүнүн күнөөсүздүгүн жана тагылган айыптардын акылга сыйбастыгын сотто далилдөөнү көздөп жатышат.

Журналистика кылмыш эмес. Журналисттер саясаттын субъектиси эмес, алар өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу максатын көздөшпөйт. Алардын ишмердүүлүгү - коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн чагылдырууга, коррупция менен күрөшүүгө жана мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган. Журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктоо жол берилгис иш, анткени алардын иликтөөлөрү коомдун бардык катмарынын кызыкчылыгына кызмат кылат.

Буга ылайык, өлкөдөгү аракеттеги медиа Платформасы камакка алынган журналист - иликтөөчүлөрдү үй камагына же аларды сыртка чыкпоо тил каты менен тезинен бошотууга чакырып, ишти объективдүү жана калыс иликтөөнү талап кылат.

"Сөз эркиндиги жана көз карандысыз журналистика – булар демократиялык коомдун түпкү өзөктөрү. Журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктоо - Кыргызстандын өнүгүшү жана келечеги үчүн эң оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон опурталдуу иш", - деп айтылат маалыматта.

Кесиптик милдетин аткарып жаткан журналисттерге репрессиялык чараларды колдонууга жол берилбестигин баса белгилейт Кыргызстандын медиа Платформасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15873