Сокулукта кошунасын зордуктоого айыпталган жигитке сот өкүм чыгарды
RU

Сокулукта кошунасын зордуктоого айыпталган жигитке сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук райондук соту кошуна баланы зордуктады деп айыпталган жигиттин ишин карап, өкүм чыгарды. Бул тууралуу адвокат Индира Саутова Kaktus.media редакциясына билдирди.

Айтымында, айыпталуучу 165-берене боюнча беш жылга, 180-берененин 3-бөлүгү (2017-жылдын Кылмыш-жаза кодекси) боюнча беш жылга эркинен ажыратылды.

"Жаза өтөө мөөнөтүн жарым-жартылай кошуу менен ал сегиз жылга кесилип, мунапыс колдонулгандан кийин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды. Тагыраагы, айыпталуучу иш жүзүндө 5 жылга кесилди. Ал сот залынан камакка алынды", - деди жактоочу.

*****

2021-жылы 11 жаштагы баланы кошуналары зордуктап, окуя тууралуу айтса апасын сууга чөктүрөм деп коркутушкан. Жабырлануучунун ата-энеси окуя тууралуу билер замат укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок кылмыштын далилдери жок деген жүйө менен иш бир нече жолу токтотулган. Анын үстүнө бала кодулоого кабылып, атасынын өмүрүнө кол салуу аракети жасалган.

Мындан улам жабырлануучу баланын атасы президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасап, андан соң кылмыш иши козголгон. Кийин кайра экспертизадан өткөрүүдө көйгөйлөр жаралган. Кылмыш иши бир нече жолу токтотулуп, кайра жанданып, акыры иш сотко өткөн. Кылмыш жасалган учурда 18 жашта болгон балага эки берене – "Сексуалдык мүнөздөгү адепсиз жоруктар" жана "Баланы кылмышка тартуу" боюнча айып тагылган. Экинчи бала кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган, анткени ал 13 жашта эле.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: qostanay.tv.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15899