Кошунасын зордуктоого айыпталган жигиттин иши сотто каралууда. Юристтин тынчсыздануусу
RU

Кошунасын зордуктоого айыпталган жигиттин иши сотто каралууда. Юристтин тынчсыздануусу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук райондук сотунда кошунасын зордуктады деп айыпталган жигиттин соту уланууда. Адвокат Индира Саутова соттолуучуга пробациялык көзөмөл колдонулат деп кооптонууда.

Окуя тууралуу

2021-жылы 11 жаштагы баланы кошуналары зордуктап, окуя тууралуу айтса апасын сууга чөктүрөм деп коркутушкан. Жабырлануучунун ата-энеси окуя тууралуу билер замат укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок кылмыштын далилдери жок деген жүйө менен иш бир нече жолу токтотулган. Анын үстүнө бала кодулоого кабылып, атасынын өмүрүнө кол салуу аракети жасалган.

Мындан улам жабырлануучу баланын атасы президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасап, андан соң кылмыш иши козголгон. Кийин кайра экспертизадан өткөрүүдө көйгөйлөр жаралган. Кылмыш иши бир нече жолу токтотулуп, кайра жанданып, акыры иш сотко өткөн. Кылмыш жасалган учурда 18 жашта болгон балага эки берене – "Сексуалдык мүнөздөгү адепсиз жоруктар" жана "Баланы кылмышка тартуу" боюнча айып тагылган. Экинчи бала кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган, анткени ал 13 жашта эле.

Бүгүнкү күндө абал кандай?

Саутованын айтымында, сот процесси аяктап баратат: акыркы күбөнүн көрсөтмөлөрү жана тараптардын жүйөлөрү калды. "Соттолуучу оор кылмыш жасаган деп айыпталып жатканына карабастан, ага эч жакка чыкпоо тил каты түрүндө баш коргоо чарасы белгиленген. Ал качып кетиши мүмкүн. Биз бөгөт коюу чарасын өзгөртүүнү өтүнгөнбүз, бирок сот биздин өтүнүчтү канааттандырган жок", - деп белгиледи жактоочу.

"Менин түшүнгөнүм боюнча, Сокулук райондук соту айыпталуучуга карата пробация колдоноюн деп жатат. Эмнеге мындай жыйынтык кылып жатам? Анткени айыпталуучуну камакка алуудан баш тартуу, башынан эле эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотуу, соттук процесстерди бат-баттан эле өткөрүп салуу, айыпталуучу эч жакка качпайт дегенин мен ушундай түшүндүм. Кылмыш 2021-жылы болгонун билебиз. Ал эми учурдагы колдонуудагы кодекс 2021-жылдын декабрь айында кабыл алынган. Андыктан айыпталуучунун аракеттери 2017-жылдагы кодекске туура келет. Эгер Сокулук райондук соту айыпталуучуга карата пробация колдонсо таң калбайм. Бирок аябай тынчсызданып жатам, анткени практикада көрдүк. Асел Ногойбаеваны зордуктоого айыпталган жаранга пробация колдонулганын, анын аягы эмне менен бүткөнүн баарыбыз көрдүк", - дейт адвокат.

Жакында мыйзамга оор кылмыш жасагандарга пробациялык көзөмөл мындан ары колдонулбайт деген өзгөртүү кирди. Юристтин айтымында, кылмыш иши жаңы редакция менен каралбайт, себеби иш 2021-жылы жасалган дейт.

"Жаңы мыйзамдын артка күчү жок да. Азыр айыпталуучуга пробация колдонууга соттун мүмкүнчүлүгү бар. Бирок андай өкүм чыгарбайт деп үмүт кылам. А эгер пробациялык көзөмөл колдонсо таң калбайм. Анткени бардык кароолор ошого алып баратат, биз кабатыр болуп жатабыз.Буга маани берүү зарылчылыгы бар деп эсептейбиз. Анткени бул иш башынан эле көзөмөлдө (бийлик тарабынан) болгон. Коомчулук дагы бул окуяга көз салып турат", - дейт.

Бул ишти токтотуп коюу ыңгайлуу болгон

Саутованын айтымында, Сокулук РИИБдин тергөөчүлөрү үчүн жабырлануучу бала болгон окуяны ата-энесине дароо айтпай, үч айдан кийин айтканы абдан ыңгайлуу болгон. Бактыга жараша иш Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди. "Албетте, соттук-медициналык экспертиза зордуктоо фактысын тастыктаган жок, анткени бардык жаракаттар айыгып калган. Ошондуктан бул кылмышты далилдөө абдан кыйын болду. Психологиялык-психиатриялык экспертиза баланын калп айтпаганын тастыктады. Ушунчалык көп убакыт өткөнүнө карабастан бала окуяны ошол учурда кандай коркуу сезими болсо ошондой айтып жатат, анын үстүнө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү дал келди", - деди Саутова.

Юристтин айтымында, көбүнчө сексуалдык зомбулукка кабылган балдар дайыма эле болгон окуяны өз убагында айта беришпейт, алар уялат же бул тууралуу кантип айтууну билбейт. Кээ бирөөлөр урушабы деп коркушат. Көп учурда балдар үй-бүлөдөн тышкаркы адамдарга айтышат. Бул убакыттын ичинде зордук-зомбулуктун физикалык издери жоголуп, бул укук коргоо органдарына иштерди жабууга мүмкүндүк берет.

Соттолуучу күнөөсүн моюнга албай келет

Адвокат билдиргендей, айыпталуучу күнөөсүн моюнга албай келет. "Сурак маалында кыска жооп берет, андай иш болбогонун айтат. Сот анда эмне үчүн жабырлануучу мунун баары болгон деп айтып жатат десе, ал: "Билбейм. Ал экөөбүз мал бакчубуз, бирок дос эмес болчубуз" дейт. Айыпталуучунун бардык жооптору унчукпай жазадан качууга аракет кылып жатканын көрсөтүп турат. Ал эми жабыркаган бала баарын майда-чүйдөсүнө чейин эстейт", - деп белгиледи Саутова.

Жабырлануучу баланын учурдагы абалы

"Сотто өтө эмоционалдык оор сурактан кийин бала бир аз өзүнө келди. Ал 45 мүнөт суракка алынган. Бала башынан өткөн кырдаалга кайрадан сүңгүүгө аргасыз болгон. Ал чоңоюп, бир нерсеге алаксып, болгон окуяны унутууга аракет кылат, биз аны кайра эле башынан өткөн сыноону эстегенге аргасыз болуп жатабыз. Бала үчүн бул өмүр бою кала турган травма", - деп кошумчалады юрист.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15739