Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун себептери айтылды
RU

Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун себептери айтылды

Все самое интересное в Telegram

Бишкек ТЭЦиндеги жарылуунун себептерин аныктоо боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев маалымат берди.

Бүгүн, 11-апрелдеги маалымат жыйында Төрөбаев комиссия 5-февралда түзүлгөнүн жана өзгөчө кырдаалдын келип чыгышынын техникалык себептерин аныктаганын айтты.

Айтымында, 1-февралда ЖЭБде 11 отказан агрегаты жана жети турбогенератор иштеп, электр тармактарына болжол менен 435 МВт электр энергиясын берген.

Ошол эле күнү сааат 22:57де нөөмөт жетекчилигинин көрсөтмөсүнө ылайык, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын борбордук диспетчердик кызматынын диспетчеринин макулдугу жок №18 жылуулук агрегатору токтотулган.

2-февралга караган түнү саат 02:45те нөөмөт жетекчиси №18 жылуулук агрегатын кайра иштүүгө буйрук берет.

Саат 02:54кө чейин машинист отказанга аба берүүнү жөнгө салат. Андан кийин отказандын газ күйгүчүн ачып, факел менен күйгүзөт.

Саат 02:57де машинист №5 газ күйгүчтү ачып, отказандын мешине факелди салат.

Саат 02:58де казандагы басым кескин төмөндөп, көзөмөлдөн чыгат. Ал эми резервде турган №18 тегирменде басым кескин жогорулайт;

Саат 02:59да №18 тегирменде жарылуу болуп, ЖЭБдин эски блогу автоматтык түрдө өчкөн. Жаңы блок 160 МВт жүктү камсыздап, ысык суунун деңгээли 70тен 30-40 градуска чейин төмөндөй баштаган.

"Шаардын борбордук жылытуу системасынын иш-аракетин сактап калуу үчүн имараттын жылытуу системалары ажыратылып, бир катар кичи райондордо ысык суу өчүрүлө баштаган", - деп белгиледи Төрөбаев.

Алдын ала эсептөө боюнча, авариядан улам 69 миллион 630 миң сом зыян келтирилген.

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу (9 макала)
ЖЭБдеги аварияда жабыркаган жумушчу турак жай менен камсыздалды
7 Июня 2024, 10:56
Бишкек ЖЭБде көмүр чаңы күйүп, бир адам жабыркады
11 Апреля 2024, 17:38
ЖЭБдеги авариянын кесепетин жоюуга Синьцзян өкмөтү 100 миң доллар берет
12 Февраля 2024, 16:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15916