ЖЭБдеги авариянын кесепетин жоюуга Синьцзян өкмөтү 100 миң доллар берет
RU

ЖЭБдеги авариянын кесепетин жоюуга Синьцзян өкмөтү 100 миң доллар берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу району Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепетин жоюуга жардам катары 100 миң доллар берет. Бул тууралуу 12-февралда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Тышкы саясий ведомстводон кабарлашкандай, жолугушууда элчи Ду Дэвэнь Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Бишкек шаарынын ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу колдоосу менен катын жолдоду.

Тилектештиктин белгиси катары Синьцзяндын элдик өкмөтү 100 миң доллар гуманитардык каржылык жардам берүүгө ниеттенүүдө.

Тышкы иштер министринин орун басары кытай тарапка финансылык жардамы, ошондой эле кыргыз тарапка көрсөтүлүүчү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу (8 статей)
Бишкек ЖЭБде көмүр чаңы күйүп, бир адам жабыркады
11 Апрель 2024, 17:38
Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун себептери айтылды
11 Апрель 2024, 14:59
ЖЭБдеги авария. Жабырлануучу үй-бүлөсүн багуу үчүн эки жумушта иштегенин айтты
11 Февраль 2024, 13:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15527