ӨКМ: Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун очогу аныкталды
RU

ӨКМ: Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун очогу аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу кайдан келип чыкканы белгилүү болду. Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов "Биринчи радионун" эфиринде айтты.

Шамырканов белгилегендей, жарылуу катуу болгондуктан айнектердин сыныктары, чатырлардын тунукелери бир нече метрге чейин учкан.

"Жарылуунун күчү абдан катуу болгон. Баш-аягы 650-680 метрлик чатыр толугу менен аңтарылып калган. Өрт лабораториясы текшерүү жүргүзүп, жарылуунун очогу табылды. 14-отказандын жанындагы тегирмен (көмүрдү майдалап, бөлүп, отказанга чачып берет) шахтада болгон. Биринчи жалын ошол жерден чыккан. Нөөмөттөгү жумушчулар ачык оттон күйүк алышкан", - деди ал.

*****

Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталганын расмий маалымдаган. Кырсыктан улам чыккан өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, дагы бир бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда. Ал эми оор абалдагы эки бейтап президенттин тапшырмасы менен Түркиядагы ооруканага жаткырылды.

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу (8 статей)
Бишкек ЖЭБде көмүр чаңы күйүп, бир адам жабыркады
11 Апрель 2024, 17:38
Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун себептери айтылды
11 Апрель 2024, 14:59
ЖЭБдеги авариянын кесепетин жоюуга Синьцзян өкмөтү 100 миң доллар берет
12 Февраль 2024, 16:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15479