Ташиев: Элдин маселесин чечкиле, болбосо кызматтан кеткиле!
RU

Ташиев: Элдин маселесин чечкиле, болбосо кызматтан кеткиле!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы чек ара кызматерлерине жаңы имарат тапшырып жатып, мамлекет үчүн берилип иштебеген аткаминерлерди ордун бошотууга чакырды.

Ал президент баардыгына тапшырма койгону менен ортоңку катмардагы кымзаткерлер иштебей жатканына токтолду.

"Президентибиз баш болуп, күнү-түнү иштегени менен ылдыйкы катмардагы, ылдыйкы жана ортоңку катмардагы аткаминерлер иштебей жатасыңар! Эгерде иштебесеңер жоопкерчилигиңер каралат. Иштебесеңер ордуңарды бошоткула, элге кызмат кылам, чуркап иштейм деген адамдар келиши керек. Жөндөн-жон орунду кармап отуруу болбойт. Укук коргоо кызматынын жер-жердеги башкармачылыгы..Мына, ушул эле Жалал-Абад облусунун ИИБинин жаңы жетекчиси келдиңиз туурабы?! Сиз полковник Асанов, Жалал-Абад облусунун прокурору, облустук УКМКнын бөлүмүн башчысы, бардыгыңыздар, жумуштарды катуураак жүргүзүп, жеке маселени чечкенди токтоткула! Жеке маселе эмес, элдин көйгөйүн чечкиле. Эл нааразы болсо ушул төртөөң жооп бересиң. Губернатор, прокурор, ИИМ жана УКМК бөлүмдөрүну башчылары, облустун эли нааразы болсо төртөөң жооп бересиң! Кайсыл жерде, кайсыл бир элде маселе чыкса жетип барып, чечишиңер керек. Сөзсүз түрдө биз жогорку жактан карап туруп, тапшырма берип отурбашыбыз керек. Урматтуу жетекчилер, туруңуздар орунуңуздардан. Ушул маселени көзөмөлгө алгыла", - деди ал.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Жалал-Абад элине кайтарып, ким иштебесе айтып, маселе чечпей жаткан органдарды бийликке жеткирип турууга чакырды. Ал мамлекеттик кызматкерлер берилип иштесин же иштебесе ордун бошотсун деп кошумчалады.

"Урматтуу эл-журт, айрыкча биздин ардагерлерибиз, маалыматтарды бизге берип туруңуздар! Кайсыл жерде эмне жасалбай жатат? Туура эмес жасалып жатат? Ошол жергиликтүү бийликтин жетекчилери туура эмес мамиле кылып жатат айтып туруңуздар. Биз аркатууга милдеттүүбүз! Президент дагы бизге ушундай тапшырмаларды коюп жатат. Эл алдына барып, сулуу көрүнүп келе бербестен, элдин маселесин чечкиле деген маселени коюп жатат. Элдин көйгөйүн чече албайбы, ким болсо да жумуштан кетсин" - деп сөзүн жыйынтыктады Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15970