Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча Саймумин Ятимов менен жолугушту
RU

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча Саймумин Ятимов менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын, Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулоо менен эки мамлекеттин чек арасын аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти. Ошондой эле Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна бул багыттагы ишти улантуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15834