Айгүл Айдарова Ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан бошотуу керек дейт
RU

Айгүл Айдарова Ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан бошотуу керек дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова президент, УКМК жетекчиси жана Башкы прокурордон Ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан бошотуу боюнча маселени кароону суранды.

Ал Улан Ниязбеков министр болуп отурууга моралдык укугу жок деп эсептейт. Эл өкүлү Ниязбеков министр болгону мыйзамсыздык күчөп, өз кызматкерлерине да кайдыгер мамиле кылып жатканын айтты. Депутаттын баамында, министр өз милдетин аткарбай, жеке бизнеси менен алек болуп жатат.

"Башкы прокуратурадан жана УКМКдан суранып кетмекмин: биздин Ички иштер башкармалыгын карап, көзөмөлдөп бересиздерби? Себеби ал жакта башаламандык абдан көбөйүп кетти. Биздин Ички иштер министрлигибиздин башчысы өзүнүн жеке бизнестери менен эле алек. Кызматкерлери менен алектенбейт, аларга камкордук кылбайт. Ошону айткым келди эле. ИИМге барып карасаңыздар, айткандан да уялып жатам бир чети. Өзүңүздөр түшүнүңүздөр. Жаман. Деңгээлибиз ылдый болуп кетти. Камчыбек Кыдыршаевич айткандай: Биздин милиция - мамлекеттин жүзү. Бирок мамлеккеттин жүзү болбой калды. Себеби, жакшы башкаруучу керек.

Министрдин бул кызматка отурганга да моралдык укугу жок. Анткени, 27-март күнү атасына болушкан бала боюнча эл эч нерсени түшүнбөйт деп алдап койду же депутаттар түшүнбөйт деп алдадыбы, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчисин алмаштырып койду. Орун алмашуу бул жазага киреби? Жазага кирбейт. Спецназ боюнча эмне кылды? Алар токмоктоду, урду, сабады. Эмнеге андай тартипсиздик болуп жатат? Себеби, биздин ИИМдин башчысы - министрибиз өзү ошол кызматкерлер менен иштебей жатат.

Бизнеси менен убара же 5-6 унаа алып келип коюу менен убара. Мен суранып кетет элем, урматтуу биздин президент Садыр Нуркожоевич, ушул кишинин кызмат ордун карап коюңузчу, суранам. Моралдык укугу жок отурганга", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15973