Ташиев: Парламенттин атына көө жапкан депутаттар тобу бар болчу
RU

Ташиев: Парламенттин атына көө жапкан депутаттар тобу бар болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов менен байланышы бар болгону үчүн мандатын тапшырган депутаттардын ордуна шайлоо алдында бийликтин атын жамынып, элдин колдоосуна ээ болууга аракет кылып жаткандарга эскертүү берди.

Ал өзү, президент, жалпы бийлик эч бир талапкерди колдобой турганын айтып, эч ким бата берген эместигине токтолду.

"Эгер кимдир бирөө ушундай жалган айтканы далилденсе, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылат. Биз шайлоолордун таза өтүшүн каалайбыз", - деди ал.

Ташиев Парламентте жалпы эл өкүлдөрүнүн атын жаманатты кылып жүргөн топтор болгонун белгилеп, алар дээрлик тазаланып бүтүп калганын кошумчалады.

"Жалпы парламенттин атына көө сүйкөп келе жаткан депутаттардын тобу бар болчу. Шайлоого көп каражат керек. Ошону уурулар, коррупционерлерден алып, элге тоодой убада берип, депутат болушкан. Бүгүн андай адамдардан парламентти "тазалап" бүтүп калдык. Толук таркатып салууга негиз жок. Себеби, элдин чыныгы колдоосу менен келген таза депутаттар да бар. Мурда терс иштерге шектелген адамдар менен бир чакырылышта отуруп калышканына алардын күнөөсү жок да. Парламент толук таза болушу үчүн акчага, кооз убадага алданып добуш бергенди токтотуш керек. Эл алданбай, акты актай, караны карадай ажыратып, туура тандоо жүргүзсө парламент да таза болот", - деген ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15993