Ташиев Бишкектеги күрөш боюнча лицензиялык турнирди расмий ачты
RU

Ташиев Бишкектеги күрөш боюнча лицензиялык турнирди расмий ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

19-апрелде Бишкекте күрөш боюнча лицензиялык турнирге расмий старт берилди. Аны УКМКнын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ачты.

l

Ал Кыргызстандын спортчулары ийгилик жаратып, өлкөнүн Олимпиадалык тарыхын жаңыртат деп ишенет.

"Президент Садыр Жапаров кыргыз спортун өнүктүрүү үчүн бардык аракетин көрүп жатат. Мамлекеттик колдоо бардык спорттун түрлөрүнө көрсөтүлөт. Биздин спортчулар алдыда Кыргызстандын Олимпиадалык тарыхын жаңылайт деп ишенебиз.

Кыргызстандын атын даңазалап, байрагыбызды бийикке көтөрүп, өлкөнүн намысын коргоп жатканыңарга рахмат. Алдыдагы беттештерде ийгилик каалайм", - деди ал.

Расмий ачылыштан соң Эркин күрөш боюнча чейрек финалдык оюндар башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15986