БШК Жусупбек Коргонбай уулунун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту
RU

БШК Жусупбек Коргонбай уулунун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Буга байланыштуу бүгүн, 23-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы чечим чыгарды.

Ага ылайык, Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, күбөлүгү жараксыз деп табылды. Эми ал шайланып келген №5 Ноокат шайлоо округунда кезексиз депутаттык шайлоо өткөрүлөт.

Коргонбай уулу Жусупбек 2021-жылы депутат болуп шайланган. Ал буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди айыптап, министр депутатты сотко берген эле. Кийинчерээк Садыр Жапаров министр менен депутаттын ортосундагы жагдай боюнча комментарий берген. Ал министр коррупция менен күрөшүп жатканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16012