Активист Акжолтой Тукунов кайра камакка алынды
RU

Активист Акжолтой Тукунов кайра камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Активист Акжолтой Тукунов кайра кармалып, камакка алынды. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилесек, 17-апрелде Акжолтой Тукунов "Массалык баш аламандыкты уюштурган чакырык жасаган" деп айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

19-апрелде Аламүдүн районунун тергөө судьясынын токтому менен Акжолтой Тукуновдун айыпталуучу катары камакка алынышы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптары одоно бузулгандыктан мыйзамсыз жана негизсиз деп табылган. Соттун чечими менен айыпталуучу Тукуновго карата 16-июнга чейин эч жакка чыкпоо түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Бирок Аламүдүн районунун прокуратурасы Аламүдүн райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу, Тукуновдун кармалышын мыйзамдуу деп таап, аны камакка алуу боюнча апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясына кайрылган.

Бүгүн, 26-апрелде Чүй облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы арызды карап, Тукуновдун кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. Айыпталуучуга карата 17-июнга чейин №21 мекемеде камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16037