Президент "Рух Ордого" салына турчу комуз үлгүсүндөгү пирс боюнча үн катты
RU

Президент "Рух Ордого" салына турчу комуз үлгүсүндөгү пирс боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Рух Ордо" туристтик комплексинде салынып жаткан комуз үлгүсүндөгү пирстин формасы боюнча сурамжылоо жасаган пост жазып, эл арасында долбоорго каршылар да бар экенин айтты.

Ал Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттин карамагына өткөн "Рух Ордо" туристтик комплексиндеги салынчу пирстин комуздун формасында болушуна сын айтылып жатканын, аны өзгөртүүнү баракчасындагы добуштар чечерин билдирди.

"Кудай буюрса, жакын арада туристтерди кабыл алып баштайт. Бүгүн пресс катчым телефон чалып "Социалдык түйүндөрдө комуздун түспөлү түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жатат", - деп билдирди. Ошондуктан, жалпы коомчулуктан сурамжылоо кылам. Ким колдосо "ооба", ким колдобосо "жок" деп добуш бериңиздер. Көпчүлүктүн каалоосун сөзсүз эске алабыз", - деген Жапаров.

"Жок" дегендер көптүк кылып кетсе анда долбоорду өзгөртүп коюш "беш секундда" экенин да айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16089