Адам уурдоо фактысы менен Камчы Көлбаевдин тууганы кармалды
RU

Адам уурдоо фактысы менен Камчы Көлбаевдин тууганы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамилекеттик комитети "Адам уурдоо" фактысы боюнча мурунку "мыйзамдагы ууру" Камчыбек Көлбаевдин тууганын кармады. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

"Мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин колдоосунан пайдаланып, өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн айрым адамдар тууралуу маалымат келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Буга ылайык, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Көлбаевдин тууганы Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан.

"Натыйжада козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.Учурда, адам уурдоо фактысы боюнча Ж.Э.А. Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда", - деп айтылат УКМКнын маалымат кымзаты тараткан билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16215