Уюшкан кылмыштуу топторго тиешелүү мүлктөр аукционго коюлду
RU

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешелүү мүлктөр аукционго коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик бир катар объекттерди, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында мамлекеттин менчигине өткөн мүлктөрдү аукционго койду.

Аталган агенттик аукционго коюлган объекттердин тизмесин жарыялады.

  • жалпы аянты 773,8 чарчы метр болгон 14-кабаттуу имарат (эгиз мунара), Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 87/2;
  • Таш-Көмүр шаары, "Кристалл" заводунун мүлктүк комплекси. Жер тилкесинин жалпы аянты 525,3 га ("Кристалл Таш-Көмүр" ААКсы);
  • Чолпон-Ата шаарындагы "Ак-Марал" эс алуу борборунун акциясы;
  • "Ай-Пери" бизнес борбору. Жалпы аянты 5878,3 чарчы метр, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 158;
  • Чолпон-Атадагы "Зодиак" эс алуу борбору, жалпы аянты 3068 чарчы метр;
  • "Бишкек жүк ташуучу автотранспорт ишканасы" компаниясынын "Баткен комфорт" соода-базар комплекси жайгашкан 2,9 га жер үлүшү;
  • "Ихлас" курулуш комплекси, жалпы аянты 5085 чарчы метр, Ош шаарынын Төлөйкан кичи району, 3б;
  • "Империал" турак жай комплекси, курулуп жаткан 14 кабаттуу имараттын 1400 чарчы метр аянты менен турак эмес жайлар, Ош шаары, Масалиев проспекти, 98;
  • Amanat Residence турак жай комплекси, аянты 2300,71 чарчы метр, Ош шаары, Ибраимов көчөсү, 11-1 (Аманат Сити Ош).

Объекттер тууралуу бардык маалыматтарды 0557 33 77 23 телефону боюнча, ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин сайтынан жана auctionetp.gov.kg сайтынан билсе болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16104