Абшыр-Атада калып калган миңден ашык адам эвакуацияланды
RU

Абшыр-Атада калып калган миңден ашык адам эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу Абшыр-Ата эс алуу жайында селден улам үйлөрүнө кайта албай калып калган 1300 адам коопсуз жайга чыгарылды. Маалыматты ӨКМдан билдиришти.

Тик учак аркылуу 2 каттам менен Ноокат районунун Абшыр-Сай эс алуу жайынан 5 адам (2 улгайган, 2 келин, 1 жаш бала) Кызарт жайлоосунан 10 адам (3 улгайган, 3 келин, 4 жаш бала) эвакуацияланып, коопсуз жайларга жайгаштырылды.

Жарандарды медицина кызматкерлери кароодон өткөрүп, алар алдын ала уюштурулган унаалар менен жашаган жерлерине жеткирилди.

Жалпысынан 1300дөн ашуун эс алуучу куткарылды. Абшыр-Сайдан эвакуацияланган жарандарын ичинен жабыркагандар жок. Эвакуциялоо жана куткаруу иши аяктады дешти министрликтен.

Белгилесек, 28-июнда нөшөрлүү жаандан улам өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде Ноокатта катуу сел жүрүп кыйроолорго, жоготууларга алып келди. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилип, кесепеттерди жоюу иштери башталды.

Селдин кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолду сел алып кетип, суунун аркы бетинде кеминде 1300 адам өтө албай калганы кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16490