Апасы жана үч кызы. Ошто сел алган бир үй-бүлө изделүүдө
RU

Апасы жана үч кызы. Ошто сел алган бир үй-бүлө изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто сел алган төрт адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени айтылды. Алар апасы жана үч кызы. ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, алар 44 жаштагы Д. Н. аттуу аял жана анын 19 жаштагы М., 10 жаштагы М., 6 жаштагы С. аттуу кыздары болгон.

Учурда аларды куткаруучулар издеп жатат. Мындан сырткары, 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Кошумча маалыматтар берилет.

Эске салсак, бүгүн, 14-июлда Ошто катуу жаандан кийин сел жүрдү. Көп өтпөй Ошко өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда төрт киши изделүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16644