Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди
RU

Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-июлда Ош шаарында нөшөрлөгөн жаандан улам келип чыккан селдин кесепеттери жоюлганга чейин, ошондой эле туруксуз аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Бакытбек Жетигеновдун төрагалыгы алдында өткөн жарандык коргонуу штабынын отурумунда айтылды, деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Саат 19:30га карата маалымат:

2024-жылдын 14-июль күнү Ош шаарынын аймагында катуу жааган жаандан сел жүргөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван - Ак-Буура каналына 7 автоунаасын сел агызып кеткен. Төлөйкөн айыл аймагындагы жайкы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болууда. Озгур айылында селден жарандарды өткөрүш үчүн камазга элди жүктөп жатып, камаз жылып кетип 1 жаранды тебелеп кеткен. Натыйжада 1 жаран жеринде каза болгон. Жалпы 134 үйгө сел кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина селден жабыркаган.

"Ош шаарынын мэри - Жарандык коргонуунун башчысы Б.Ж. Жетигенов саат 18:00дө Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен ыкчам жыйын өткөрүп, селдин кесепеттерин жөнгө салуу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди. Ошону менен катар Ош шаарынын аймагына Өзгөчө кырдаал абалы киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары жана КРнын ӨКМнин Ош шаары бюнча башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык гарнизонунун өздүк курамы ыкчам тартылып, селдин кесепеттерин жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жолгонгон жарандарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-июлда жааган жамгырдын кесепетинен Төлөйкөн жана Бөрүбай-Ата айылдарында сел жүргөн. Ак-Буура дарыясы жээгинен ашып, Ош шаарынын бир бөлүгүн каптады. Борбордук базар жабыркаган. Дайынсыз жоголгон төрт адам жана ири өлчөмдөгү материалдык чыгымдар белгилүү болду. Жеринде ӨКМ менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16642