"Акун" пансионатында үйүлүп калган таштандылар боюнча текшерүү жүргүзүлдү
RU

"Акун" пансионатында үйүлүп калган таштандылар боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында үйүлгөн таштандылар аныкталды. Облустук ички иштер башкармалыгынан белгилешкендей, таштандылар тазаланбай жатканын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери аныкташкан.

22-июлда туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери "Акун" пансионатынын аймагында таштандылар тазаланбай жатканын аныктап, бул факты электрондук журналга катталып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө пансионаттын администрациясы тарабынан өкмөттүн 2007-жылдын 2-октябрындагы №445 токтому менен бекитилген "Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү" эрежесинин 7-бөлүмүнүн (Аймактарды абаттоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, санитардык тазалоо) 30 жана 42-пункттарындагы талаптар аткарылбагандыгы аныкталган.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 114-беренесине (Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу) ылайык, "Акун" пансионатынын администрациясын жоопкерчиликке тартуу боюнча чогултулган материалдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органына өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13694