"Сот үйдө өтө баштады". Көлбаевдин бир тууганы Жапаров менен Ташиевге кайрылуу жасады
RU

"Сот үйдө өтө баштады". Көлбаевдин бир тууганы Жапаров менен Ташиевге кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын октябрында өлтүрүлгөн кримавторитет Камчы Көлбаевдин бир тууган агасы Жолдошбек Көлбаев апасы Майя Алиеванын атынан президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кайрылуу жасады. Видеокайрылууну адвокат Бактыбек Жумашев Facebook баракчасына жарыялады.

Жолдошбек Көлбаев өзү бир нече жыл Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти болгон. 2024-жылдын мартында ал кызматынан кеткен.

Көлбаевдин бир тууганы кайрылуусунда апасына "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча айып тагылганын билдирди. Ал бул ишти "адилеттүү жана мыйзам чегинде" кароону өтүнөт. Анткени, бүгүнкү күндө бардык мүлктү конфискациялоо боюнча сот ыкчам жүрүп, отурум алардын үйүндө өтө баштады дейт.

"Апабыздын оорусуна байланыштуу сиздерге кайрылууга аргасыз болдук, апам инсульт алып, төшөктөн тура албай, үнү да жакшы чыкпай жатат. Ошол себептен кайрылууга аргасыз болуп турабыз. Апама карата козголгон кылмыш иши учурда Октябрь райондук сотунда каралып жатат. Атабыздан калган үй-мүлкүбүздү, неберелерибиз жана балдарыбыз жашап жаткан үйлөрдү конфискациялоо боюнча сот процесси шашылыш өтүп жатат. Апамдын оорусуна карабай сот отуруму үйдүн ичинде да өтүп жатат. Бирок бир дагы жабырлануучу жок, бир дагы арыздануучу болгон эмес", - деди ал.

Көлбаев 1990-жылдан бери атасынан калган жерлерде дыйканчылык кылып келерин, эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебегендерин кошумчалады.

"УКМКнын кызматкерлери биздин бардык мүлкүбүздү текшерип чыгышты, биз эч качан саясатка аралашкан эмеспиз, өзүбүздүн оокатыбызды кылып келе жатканбыз. Ушул жагдайлардан улам апабыздын сөзүн жеткирели деп аргасыздан кайрылып жатабыз. Үй-бүлөбүздүн атынан биздин ишибизге көңүл буруп, адилеттүү, мыйзам чегинде чечим чыгарууңуздарды суранабыз. Мен өзүм дагы сиздер менен жеке жолуксам, көп нерсени түшүндүрүп берет элем", - деди ал өз кайрылуусунда.

Жактоочу Бактыбек Жумашев сот процесси мыйзам бузуулар менен өтүп жатат дейт. Ал жактап жаткан Мая Алиеванын ооруп жатканына карабай, сот отурумдары анын батиринде өтүүдө деп белгиледи.

"Алиева аябай оор абалда... Күн мурда батирге катчы, прокурор жана адвокаттар келишип, көчмө сот өттү. Алиеванын төшөктө жатканын, эки жолу инсульт алгандан кийинки абалы сот отурумуна катышууга мүмкүнчүлүк бербей турганын баарыбыз көрдүк. Бирок анын оор абалына карабай судья Т.Бегалиев сот процессин баштап, айыптоо корутундусун жарыялады. Ошол эле учурда Алиева өзү да катуу толкундангандыктан эмне болуп жатканын толук түшүнбөй, соттун суроолорунун бирине түшүнүксүз жооп берген. Ушул жерден судья процессти токтоткон", - деп белгилейт Жумашев.

Бишкек шаардык сотунан Kaktus.media сайтына сот эмне үчүн Мая Алиеванын үйүндө өткөнүн түшүндүрдү.

Белгиленгендей, кылмыш иши Октябрь райондук сотуна 2024-жылдын 17-апрелинде келип түшкөн. "Иш 3 айдан бери каралып жатат, айыпталуучулардын катышуусун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлдү, бирок айыпталуучулардын жана алардын жактоочуларынын соттук териштирүүгө катышуусу жасалма создуктурулуп жатат", - дешет шаардык соттон.

Соттун маалыматы боюнча, адвокаттардын жана айыпталуучулардын күнөөсү боюнча соттук териштирүүлөр бир нече жолу жылдырылып, Жазык-процесстик кодексине ылайык, 22-июлда айыпкер Мая Алиеванын үйүндө көчмө сот болгон.

Юристтин айтымында, Алиеванын наамына катталган 13 кыймылсыз мүлк ар кандай убакта ар башка сатуучудан сатып алынган.

"Демек, ар бир кыймылсыз мүлктү сатып алуу кылдат иликтенип, бүтүмгө катышкан тараптар менен маектешүү, каржы булактарын текшерүү жана мүмкүн болгон шериктерди аныктоо керек болчу. Эгерде, тергөөдө кыймылсыз мүлк кылмыштуу кирешелерге алынганы аныкталса, анда ар бир аныкталган факты боюнча өзүнчө айып коюлууга тийиш", - деп эсептейт адвокат.

Жумашев айыптоо корутундусунда мүлктөрдү легалдаштыруу мөөнөтү 2008-жылдан 2022-жылга чейин деп көрсөтүлгөнүн, бирок тизмеде 1998-жылы да алынган мүлктөр бар экенин баса белгиледи.

Эске салсак, Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлгөндөн кийин УКМК маркумга тиешелүү болгон үйлөр менен объектилердин видеосун жарыялаган. Мамлекеттик комитет мүлктү 1 миллиард долларга баалаган. Бүгүнкү күндө УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар дегендерди кармап, ошондой эле маркумдун өзүнө, анын жакындарына тиешелүү мүлктөрдү таап, мамлекетте өткөрүү иштерин улантып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16785