Бишкектеги мектептерди онлайн окутууга өткөрүү практикасы качан токтойт? Мэрдин жообу
RU

Бишкектеги мектептерди онлайн окутууга өткөрүү практикасы качан токтойт? Мэрдин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептерди убактылуу онлайн окутууга өткөрүү практикасы качан токтойт деген суроого мэр Айбек Жунушалиев жооп берди. Бул маселе 20-майда өткөн "Доор өзгөрткөн билим" форумунда көтрүлдү.

Анда ата-энелердин бири борбор калаада ири иш-чара өткөн сайын жалпы билим берүү мекемелери онлайн окутууга өткөрүлөрүн, бул практика качан токтойт деген.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкек Кыргызстандын борбору экенин жана мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай саясий, маданий жана эл аралык иш-чаралар өткөрүлөрүн баса белгиледи.

"Буга байланыштуу биз сабактарды онлайн режимине өткөрүүгө аргасыз болуп жатабыз. Бирок бул кыска мөөнөттүү. Биз ата-энелерден бир нече жолу сурандык, азыр да бир өтүнүчүм бар: балдарды жашап жаткан участоктогу мектеп, бала бакчаларга бериңиздер. Биз бул практиканы активдүү колдонушубуз керек. Ата-энелер балдарын унаа менен ташышат, бул олуттуу жол тыгындарын жаратат", - деди мэр.

Эскерте кетсек, ШКУнун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу быйыл сабактар 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17856