Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков үй камагына чыкты
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту алдамчылыкка шектелген Жаныбек Кубандыковду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Ленин райондук сотунун 6-июндагы чечими менен К.Ж.А. ушул жылдын 17-июлуна чейин үй камагына чыгарылды.
Эске салсак, Жаныбек Кубандыков 21-майда ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган.
Тергөөнүн версиясына караганда, Кубандыков менен дагы бир жаранга 209-берене "Алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголгон. 22-майда Бишкектин Ленин райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Кубандыковду тергөө учурунда 17-июлга чейин камакка алган.
Кубандыков президенттин кеңешчиси экени айтылып келген, бирок Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчысы коомдук башталгычтагы кеңешчилеринин баарын эки жыл мурда бошотконун айткан.

